Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Кыргыз илиминдеги уурулук боюнча маалымат берилет


Атомдун планетардык модели. Бишкек.
Атомдун планетардык модели. Бишкек.

Орусиянын “Диссернет” коомун негиздөөчүлөрдүн бири, физик Андрей Заякин кыргызстандык илимпоздордун эмгегинен чыккан плагиат боюнча маалымат берет. Аталган коом ушул жылдын июнь айынан тартып Кыргызстанда жазылган илимий эмгектерди текшере баштаган. Анын максаты жана жыйынтыгы туурасында 1-октябрда Бишкекте өтө турган маалымат жыйынында ал жергиликтүү юрист жана иликтөөчү-журналисттер менен бирге айтып берет.

“Диссернет” 2013-жылы түзүлүп, андан бери Орусияда миңдеген илимий эмгектерге экспертиза жүргүзгөн. Жыйынтыгында 200дөй киши илимий даражасынан ажыраган.

Буга чейин Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти каржылаган илимий-изилдөө иштеринин 43ү мыйзам бузуу менен жазылганын аныктаган. Мунун ичинен 30 иш уурдалган, 13ү каржылоо тизмесине мыйзамсыз кошулган деп табылган.

Башкы көзөмөл мекемеси кабарлагандай, уурдалган эмгектерди каржылоого 18,5 млн. сом, ал эми мыйзамсыз тизмеге кошулган изилдөөлөр үчүн 5 млн. сом мамлекеттик бюджеттен төлөнгөн.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 30дай диссертациялык жана 200дөй кандидаттык иш жазылат жана анын 10 пайызы комиссиянын сынынан өтпөй калат. Ошого карабай өлкө боюнча илимдин докторлору 800гө жетип, кандидаттар үч миңден ашкан.

Буга чейин белгилүү саясатчылардын эмгегинде да плагиат табылганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG