Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезиядагы цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгонуна байланыштуу бул өлкөнүн президенти Жоко Видодого көнүл айтты.
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, мамлекет башчы табигый кырсыкта курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тез айыгып кетишин каалаган.
Соңку маалыматтарга караганда, Индонезияда зилзадан кийинки цунамиде курман болгондордун саны 1200гө жетти. Жүздөгөн адамдар жабыркап, 10 миң адам үй-жайынан ажырады. (КЕ)