Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:45

Кореядагы элчилик Сеулга барып келбей койгон кыргызстандыктардын атын атады


Кыргызстан менен Түштүк Кореянын байрактары.
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын байрактары.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги чет мамлекеттерде өткөрүлчү иш-чараларга бара турган адистерди тандоодо бийликти кылдат болууга чакырды. Элчиликтин 1-октябрдагы билдирүүсүнө ылайык, туура эмес тандалган адистер өлкөнүн аброюна зыян келтирүүдө.

Расмий маалыматта айтылгандай, быйыл июнда Сеулда Корея импортчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган "Import Goods Fair" деген эл аралык көргөзмө өткөн. Анда жергиликтүү ишкерлер менен компаниялар Кореянын рыногуна кирүүнү каалаган чет элдик ишкерлер менен жолугушат. Кыргызстандын атынан "Курортчулар ассоциациясынын" өкүлдөрү келген. Аларды Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сунуш кылган.

"Курорттор ассоциациясынан Мирлан Усубалиев баштаган Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков барган. Элчилик аларга виза жагынан көмөктөшкөн. Бирок Рысалиев менен Мирбеков ошол бойдон Кыргызстанга кайткан эмес. Муну менен алар Кореянын миграция мыйзамын бузду. Алардын мындай кадамдары Кыргызстандын мамлекеттик органдарына Кореянын бийлигинин ишенимин жоготот", - деп жазылат маалыматта.

"Азаттык" радиосу Курорттор ассоциациясынан бул маалыматты азырынча тактай алган жок. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG