“Avia Traffic” компаниясы учак жетишпей жатканына байланыштуу Ош-Москва багытындагы эки каттамын токтотту. Ош аэропортунун сурап-билүү кызматы билдиргендей, 1-октябрда №741 жана 747 каттамдар учпай калды. Жүргүнчүлөр кийинки каттамдарга которулууда.
“Avia Traffic” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров учак жетишпей жатканын, жүргүнчүлөр башка учактарга которулуп, кетпей калгандар мейманкана менен камсыздаларын айтты.
Каттамдар токтотулары жөнүндө жүргүнчүлөргө алдын-ала маалымат берилген эмес. Алар бул тууралуу аэропортко келгенде гана билишкен. Алик Аскаров канча жүргүнчүгө билет сатылганы жөнүндө маалыматы жоктугун кошумчалап, эмне үчүн алдын-ала кабар айтылбаганына жооп бербеди. Анын айтымында, каттам жадыбалы жарым жыл мурда түзүлгөн.
Кыргызстандын авиация эрежелерине ылайык, учак компаниялардын күнөөсү менен учпай калганда же кечиккенде жүргүнчүлөргө компенсация төлөнөт же башка талаптар аткарылууга тийиш. Мисалы, төрт сааттан ашык кечигүүдө билет баасынын 10%, сегиз сааттан көп кармалган учурда 25% төлөнүүгө тийиш. Бул тууралуу өлкөнүн Авиация эрежесинин 9-бөлүгүндө жазылган.
30-сентябрда да "Ош" аэропортунан Москва шаарына учканы жаткан “Avia Traffic” компаниясына таандык "Boeing 737" учагынын дөңгөлөгү жарылып, каттам кийинкиге жылдырылган. Компаниянын жетекчилиги учак оңдолуп жатканын айтты.
29-июлда да "Авиа Траффиктин" Ош-Анталия багытында бараткан учагы 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, техникалык себептен улам кайра конгон. Кийинчерээк ал учак каттамдан алынган.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз.
Кыргызстандын Аба кодекси 167 беренеден турат жана анда авиакыймыл жана учуу эрежелери жазылган. Жарандар талаштуу учурларда "Керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга таянып чара көрүшү мүмкүн. (SE)