Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Уланбек Эгизбаевдин "Эрдик" сыйлыгы ата-энесине тапшырылды


Сыйлыкты тапшыруу учуру. 1-октябрь, 2018-жыл.
Сыйлыкты тапшыруу учуру. 1-октябрь, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси Жыпаркүл Сариева менен Токтосун Калиев жана «Азаттык медиа» мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова менен жолукту. Жолугушууда мамлекет башчысы муркум журналист Улан Эгизбаевдин туугандарына жана ал иштеген «Азаттык» радиосунун чыгармачыл жамаатына көңүл айтты:

- Сиздер татыктуу уулду тарбиялагансыздар. Уланбек - бүт кыргыз элинин уулу. Мага да Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат. Ата катары сиздердин кайгыңыздарды жакшы түшүнөм. Уланбек уулубуз коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты активдүү колдогон.

Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин журналисттик иликтөөлөрү менен жакшы тааныш экенин, аларга өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын кошумчалады. Таланттуу журналисттин ысымы кыргызстандыктардын жүрөгүндө, атамекендик журналистиканын тарыхында сакталып калаарын белгиледи. Президент Уланбек Эгизбаевдин ата-энесинин андан калган туяктын жарыкка келишин күтүп жатышканын белгилеп, ымыркайдын төрөлүшү азамат уулунан ажыраган ата менен эненин кайгысын жууп, үмүт тартуулайт деген ниетин билдирди.

Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси өз кезегинде уулунан айрылган күндөн тарта түп көтөрө колдоп келаткан жамы журтка жана президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдиришти.

"Азаттык медиа" мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулова чыгаан иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин ишин улоочу журналисттерди өстүрүү максатында «Журналисттик иликтөө» коомдук фонду түзүлүп, ишке киришкенин, ошондой эле маркумдун журналисттик мурастарын китеп кылып чыгаруу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков мындай демилгени колдой тургандыгын белгиледи:

- Уланбек Эгизбаевдин журналистти иликтөөлөрү маалымат каражаттарынын башка кызматкерлери үчүн үлгү болуп калды. Ал баштаган ишти колдойбуз жана ал уланат.

Жолугушуунун соңунда президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттык Медиа» мекемесинин иликтөөчү журналисти Эгизбаев Уланбекке ыйгарылган «Эрдик» медалын ата-энесине тапшырды.

"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосунович (каза болгондон кийин) "Эрдик" медалы менен сыйланганы" тууралуу расмий маалымат 30-августта жарыяланган.

Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG