Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:15

Иран араб жикчилдерин ракеталар менен атты


“Фарс” агенттигинин 1-октябрда кабарлаганы боюнча, Сириянын чыгышындагы "Албу Камал" лагерин Иран ракета менен аткылап, бир канча согушкер көз жумган.
“Фарс” агенттигинин 1-октябрда кабарлаганы боюнча, Сириянын чыгышындагы "Албу Камал" лагерин Иран ракета менен аткылап, бир канча согушкер көз жумган.

Ирандын аскер-аба күчтөрү "Ахваз шаарындагы аскер парадынын учурунда чабуул койду" деп шек саналган Сириядагы согушкерлерди баллистикалык ракеталар менен аткылаганын кабарлады.

“Фарс” агенттигинин 1-октябрда билдиргенине караганда, Сириянын чыгышындагы "Албу Камал" лагерин Иран ракеталар менен аткылап, анын натыйжасында бир канча согушкер көз жумган.

22-сентябрда аскер кийимчен, куралчан төрт адам 1980-1988-жылдардагы иран-ирак согушунун аяктаганына арналып өткөрүлгөн аскер парадын көрүп отургандарга каршы ок аткан. Атышуу 10 мүнөткө созулуп, андан 29 адам көз жумуп, 50дөн ашык киши жарадар болгон.

Ирандын руханий көсөмү Аятолла Хаменеи чабуулду "аймакта АКШнын колдоосу менен аракеттенген мамлекеттердин кутуму жана жалданма согушкерлердин аракети" деп атаган. Ирандын президенти Хасан Роухани да аскердик парад маалындагы кол салуу үчүн араб жикчилдерди жана аларды колдогон Перси булуңундагы өлкөнү айыптаган.

XS
SM
MD
LG