Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:59

Жаңы-Өзөн окуяларында камалып чыккан активисттин сөөгү жерге берилди


Максат Досмагамбетовдун жаназасы. 1-октябрь, 2018-жыл.
Максат Досмагамбетовдун жаназасы. 1-октябрь, 2018-жыл.

1-октябрда Казакстандын Жаңы-Өзөн аймагындагы мунайчылардын нааразылык акцияларынын активисти Максат Досмагамбетовдун сөөгү жерге берилди. 35 жаштагы Досмагамбетов онкологиялык дарттан улам Маңгыстау облустук ооруканасында 29-сентябрда көз жумган.

Максат Досмагамбетов Жаңы-Өзөндөгү мунайчылардын нааразылык акциясынын лидерлеринин бири болгон. 2011-жылдын 16-декабрында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылышуу менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 16 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон эле.

Бул акциянын уюштуруучуларынын бири катары Досмагамбетов камакка алынып, алты жылга эркинен ажыратылган. Абакта активист түрдүү кыйноого кабылганын айткан. Ур-токмоктун айынан Максаттын бет сөөктөрү сынып, андан оңоло албай, көп өтпөй онкологиялык дартка чалдыккан. Оорусу күчөгөнүнө байланыштуу 2015-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө түрмөдөн чыккан.

Жаңы-Өзөн окуяларында Максат Досмагамбетовдун бир тууган иниси Кайрат да ок тийип, майып болуп калган.

Казакстандагы оппозиция Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүнү өлкөнүн эгемен тарыхындагы башкы окуя - "экинчи Желтоксон" деп баалап келет.

XS
SM
MD
LG