Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Учакта чыр салган тажик жаранынын камактагы мөөнөтү узартылды

Давлаткадам Давлаткадамов.
Давлаткадам Давлаткадамов.

Москва облусунун Жуковский шаардык соту 29-сентябрда учакта чыр чыгарган тажик жараны Давлаткадам Давлаткадамовдун камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. 29-августта Москвадан Дүйшөмбүгө жол тарткан учак борттогу жаңжалга байланыштуу кайра "Жуковский" аэропортуна кайтып келүүгө аргасыз болгон.

Ишембидеги сот отурумунда эксперттер бир айда айыпталуучунун психикалык саламаттыгы боюнча так бүтүм чыгара алышпаганын билдиришкен.

​Айыпталуучунун агасы Аким Давлаткадамов иниси соо туруп эле кээде такыр өзгөрүп, өзүн “Аллах” деп атап жатканын айтты. Сотто иниси менен сүйлөшүүгө уруксат берилген. “Баарыбызды тааныды, жакшы эле сүйлөп жаткан, анан эле саналуу секундада таанылгыс болуп өзгөрүп кетти. Ал мусулман, мындай учурда "кишиге жин кирип кетиптир" деп айтабыз. Давлаткадамды молдого алып барып окутуш керек, бирок сотто медициналык бүтүмдү күтүш керек экендигин айтышты”, - деди Аким Давлаткадамов.

29-августта Москва-Дүйшөмбү каттамы боюнча бараткан учак борттогу чыр-чатактан улам артка кайтууга мажбур болгон. “Интерфакс” маалымдагандай, жүргүнчүлөрдүн бири өзүн агрессивдүү алып жүргөнүнө байланыштуу борт коштоочу ага эскертүү берген. Тажик жараны креслосунан туруп стюардессаны башка чаап жиберген. Андан соң жүргүнчүлөрдү коркутуп, бортто бомба бар экенин айткан. Абалга баа берген аба кемесинин командири “Жуковский” аэропортуна кайтуу өнүндө чечим кабыл алган.

Орусиянын Тергөө комитети Давлаткадам Давлаткадамовго “ Аба транспортундагы бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

XS
SM
MD
LG