Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Кыргызстандын Казакстандагы элчисин дайындоо маселеси парламентте каралат


Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде Кыргызстандын Казакстандагы элчисин дайындоо маселеси каралат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Элчиликке талапкерди тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сунуш кылат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси эки жылдан бери дайындала элек. Акыркы жолу 2016-жылы мурдагы элчи Эсенгул Өмүралиев кызматын тапшырып берген.

Казакстандан тышкары Кыргызстандын Өзбекстандагы, Малайзиядагы, Индиядагы, Ооганстандагы жана Азербайжандагы элчилери да дайындала элек. (KR)

XS
SM
MD
LG