Кыргызстандын “Коопсуз шаар” долбоорун уткан "“Вега" радиокуруу концерни" өзүнүн АКШнын санкциялык тизмесинде турарын төгүндөп, атайын билдирүү таратты.
Компания АКШнын "кара тизмесине" кирген “ВЕГА” илим изилдөө институту Орусиянын Воронеж облусунда катталганын жана Москвада катталган "“Вега” радиокуруу концерни” экөөнүн бири-бирине тиешеси жок экенин белгилейт.
"“Вега” илим изилдөө институту “Вега радиокуруу концернинин” филиалы болуп эсептелбейт. Бул экөө таптакыр эки башка юридикалык жактар, аталыштарында гана бир аз окшоштуктар бар. Жогоруда аталган компаниялардын баары Орусиянын компаниялары, алар коопсуздук тармагында иш жүргүзүшөт жана “Ростех” мамлекеттик корпорациясына биригишет”, - деп жазылат билдирүүдө.
Компаниянын коммерциялык директору Сергей Калмыковдун атынан жиберилген документте “АКШнын санкциясынын тизмесинде турган орусиялык компаниялардын чет мамлекеттерде ишмердүүлүгү чектелбей” турганы айтылат. Муну менен катар “Вега" радиокуруу концерни өзү баш ийген “Ростех” мамлекеттик корпорациясынын АКШнын “кара тизмесине" киргенин четке каккан эмес.
"Кээ бир жарандардын бул маселеде тынчсыздануусун эске алып айта кетели - жогорудагы айтылган жагдайлар биздин ишмердүүлүгүбүзгө таасирин тийгизе албайт. Ошону менен бирге Кыргызстан үчүн жагымсыз жагдайлар болбошуна кепилдик беребиз. Мисалы, Орусиянын “Газпромнефть” жана “Роснефть” компаниялары да АКШнын санкциялык тизмесинде турганына карабай Кыргызстан менен ийгиликтүү иштеп жатпайбы. Учурдан пайдаланып, белгилей кетели - “Вега” радиокуруу концерни АК “Коопсуз шаар” долбоорунда каралган милдеттенмелерди аткарууга ниеттенет”, - деп айтылат анда.
4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде Орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыккан. Компания аны 1 млрд. 195 млн. сомго аткарып бермекчи болгон.
25-сентябрда болсо АКШнын Соода министрлиги санкция киргизген 12 орусиялык компаниянын катарында Орусиянын "Вега" илимий-изилдөө институту киргени айтылган. Бул да “Ростехтин” курамына киргендиктен Интернет коомчулугунда анын “Вега” радиокуруу концерни” менен бир экенин айткандар чыккан.
Кийин “Азаттык” “Вега” радиокуруу концерни курамына кирген "Росстехнология" (“Ростех”) корпорациясы АКШ менен Канада санкция киргизген Орусиянын 400дөй компаниясынын бири экендигин жазып чыккан. Иликтөөдө “Ростехтин” башкы директору Сергей Чемезовдун өзүнө да АКШ жана Евробиримдик санкция коюп, өз өлкөлөрүнө киришине жана карым-катыш жасашына тыюу салганы аныкталган. (ErN)