Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

"Коопсуз шаар" орус компаниясына өттүбү?


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн аукциондо орусиялык ВЕГА радиокуруу концерни кызмат көрсөтүүнүн эң төмөнкү баасын сунуштап, алдыга чыкты.

Жалпысынан үч айлампадан турган бул аукционго онлайн режиминде жергиликтүү жана орусиялык үч компания катышты.

Сынак комиссиясы кызмат көрсөтүү боюнча баа сунуштамаларын карап чыгып, андан кийин алардын арасынан техникалык шарттарга жана квалификациялык талаптарга жооп берчү компанияны тандоо маселесин кийинкиге калтырды.

Утуп алган компания долбоорду каржылайт. Мамлекеттик-жекелик өнөктөштүк алкагында, кийинки беш жыл аралыгында айыппулдан түшкөн кирешенин бир бөлүгү анын эсебине түшүп турат.

Айрым талдоочулар долбоорду мамлекет өзү эле ишке ашырса, бюджетке да, маалымат коопсуздугу үчүн дагы пайдалуу болмок деп сынга алышты.

Төмөнкү бааны сунуштаган мекеме

Бишкек шаарындагы жол кыймылын иретке келтирүүнү көздөгөн "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүчү компанияны тандоо боюнча кайрадан аукцион өттү.

Ачык сынак реалдуу убакыт ыргагы менен жүрүп, ага орусиялык ВЕГА концерни, кыргызстандык "Альфа-Телеком" жана дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" мекемеси жергиликтүү "Кыргызтелеком" мамлекеттик ишканасы менен өнөктөштүктө катышты.

Кызмат көрсөтүү үчүн баштапкы баа 2,5 миллиард сомдон башталып, аукцион үч айлампа менен өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында орусиялык ВЕГА концерн ишканасы 1 млрд. 125 миллион сом сунуштап алдыга чыкты.

Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров сынак комиссиясы эми бул үч компаниянын техникалык шарттарын жана тажрыйбасын карап чыга турганын, сунушталган баанын негизинде жеңүүчү аныкталарын айтты.

Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин маалымат катчысы Зирек Асанова жеңүүчү компания долбоор боюнча аткара турган иштерге токтолду:

- Долбоордун алкагында кызмат көрсөтүү жана жабдуулар сатып алынганы жатпайбы. Бул каражатка негизинен шаар боюнча 110 программалык камсыздоочу жабдуу коюлат. Ал жабдуулар чоң автожолдорго, шаардын ичиндеги жолдорго жана жолдордун кесилишине коюлат. Ошондой эле жол эрежесин бузууларды каттоого алган видео байкагычтар орнотулат. Мындан сырткары жыйырмадан ашуун көчмө жабдуулар алынат. Ал жабдуулардын жардамы менен көчүп жүрүп, эреже бузууларды тасмага түшүрсө болот. Негизги максат - жол коопсуздугун камсыздоо аркылуу жол кырсыктарынын алдын алуу.

Маалымат коопсуздугунун коркунучу

Бул долбоорду аткаруу үчүн жеңүүчү катары тандалган компания менен мамлекет беш жылга келишим түзүп, ага ылайык, ал өзүнүн эсебинен жабдууларды орнотуп, техникалык жактан аны иштетүүнү колго алат. Жолдогу эреже бузууларды каттап, аны Ички иштер министрлигинин карамагындагы борбордук серверге жөнөтүп турат. Анан эреже бузуу үчүн салынган айып пулдан түшкөн каражаттын жарымына жакыны анын эсебине которулат.

Келишимге ылайык, жеңүүчү компания аукциондун эки айлампасынын ар биринен 5 миллион 318 миң даана өлчөмүндө төлөнгөн айып пул санынын чегине жеткенде долбоорго кеткен чыгым пайдасы менен акталды деп табыла турганы учкай маалыматта көрсөтүлгөн.

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Талдоочу Кайрат Осмоналиев мамлекет түшкөн пайданы өзүнө калтыруу жана коопсуздукту сактоо үчүн долбоорду өзү ишке ашырса болмок деп эсептейт:

Жол эрежесин бузуулардан түшкөн айып пулдардын акчасы бюджетке толук түшпөй, чет элдик компаниянын эсебине кете турган болуп жатпайбы.
Кайрат Осмоналиев

- Жол эрежесин бузуулардан түшкөн айып пулдардын акчасы бюджетке толук түшпөй, чет элдик компаниянын эсебине кете турган болуп жатпайбы. Негизи мамлекет коопсуздукту камсыздоого милдеттүү болгондон кийин бул ишти өз колуна алып, аны ишке ашырууну мамлекеттик "Кыргыз телеком" ишканасына эле тапшырып, каражатын дайындап берсе жакшы болмок. Ошондо деле кеткен чыгым өзүн толук актамак. Андай каражатты мамлекет тапса болот. Азыр эми мамлекет чет элдик ишканага бул долбоорду кармата берип биринчиден, чоң кирешени бөлүшүп жатса, экинчи жагынан маалымат коопсуздугуна коркунуч келтире турган жагдай түзүлдү. Анткени мына ошол компания жарандардын персоналдык базасына ээ болуп, аны каалагандай пайдаланып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан буга жол бербөө керек. Мамлекет бул долбоорду өзү ишке ашыруусу зарыл.

Ал эми маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров "Коопсуз шаар" долбоорун мамлекеттик-жекелик өнөктөштүктүн алкагында ишке ашыруудан бюджет зыян тартпай турганын билдирди.

Ошондой эле беш жыл ичинде долбоордун техникалык жабдууларына кеткен чыгым өзүн актагандан кийин аны башкаруу толугу менен мамлекеттин карамагына өткөрүлө турганы белгилүү болду.

Кубаныч Шатемиров бул долбоорду ишке ашырууда маалымат коопсуздугуна жана жарандардын персоналдык базасына коркунуч жок деп ишендирди:

- Техникалык тапшырманын алкагында персоналдык мүнөздөгү маалыматтарды сактоо шарттары дагы каралган. Бул долбоорду ишке ашыра турган компания мына ошого окшогон персоналдык базаны өзүнө сактай албайт. Ал болгону өзү койгон техникалык жабдуулардын жардамы аркылуу реалдуу убакыттын ыргагы менен жол эрежесин бузуу фактыларын видео, фотого алып, аларды кайра мамлекеттин карамагындагы борбордук серверге жиберип турат. Анда кандайдыр бир персоналдык мүнөздөгү маалымат базасы сакталбагандыктан бул долбоордун алкагында жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетүү коркунучу жок.

Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети "Коопсуз шаар" долбоору боюнча ачык сынактын жыйынтыгы сынак комиссиясынын жогорудагы үч багыт боюнча берген тыянагынан кийин чыга турганын жарыялады.

"Коопсуз шаар" боюнча тендер. 4-сентябрь, 2018-жыл

“Коопсуз шаар”: орус компаниясы тендерден утту
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG