Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:18

Социалдык өнүгүү министри жана анын орун басары прокуратурага сурак беришти


Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова 1-октябрда Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык эки жетекчи бюджеттик каражаттан чет өлкөлөргө чыккандыгы тууралуу маалымат берүү үчүн суракка чакырылган. Исакунова жана Мамытова түшүнүк кат жазып чыгышкан.

Буга чейин 24-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн. Аида Касымалиева "мамлекеттик кызматкерлер эс алууга чыкканда дипломатиялык паспортторун колдонуп жүргөн" деп билдирген.

Министрдин орун басары Лунара Мамытова өзүнүн дипломатиялык паспортун кызматтык максатта гана колдонуп келгенин айтып, мындай айыптоолорго эч негиз жок экендигин айткан.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG