Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Башкы прокуратура президенттин мемдери үчүн иш козгоого негиз жок деп тапты


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүнө жазылган тамаша сөздөр үчүн авторго каршы иш козгоого негиз жок деп тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" көзөмөл органынын маалымат бөлүмү кабарлады.

1-октябрда Башкы прокуратура материалдарды УКМКга кайтарып берген. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы мындай чечимге президенттин аппаратынын "авторго карата Жээнбековдун эч кандай доосу жок" деген билдирүүсү таасир этпегенин маалымдады.

Мурдараак бишкектик дизайнер Никита Тарасенко интернетке Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрү менен жасалган мемдерди жарыялаган. 29-сентябрда аны Башкы прокуратуранын өкүлдөрү чакыртып, түшүнүк кат жазып берүүсүн өтүнүшкөн.

Тарасенконун айтымында, прокуратурага белгисиз бир аял келип, "Тарасенко президентти шылдыңдап жатат" деп арыз менен кайрылган. Андан соң дизайнерге прокуратуранын өкүлдөрү телефон чалып, суракка чакырышкан.

Президенттин аппараты Сооронбай Жээнбеков мемдерге эч кандай доосу жок экенин жана өлкө башчы жада калса аларды көрүп өзү да күлгөнүн айтып, билдирүү тараткан. Президент бул мемдер тууралуу өзү социалдык тармактардан билип калган.

XS
SM
MD
LG