Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Ливандын бийлиги Израилдин дооматын четке какты


Ливандын тышкы иштер министри Жебран Басил. 20-август, 2018-жыл.
Ливандын тышкы иштер министри Жебран Басил. 20-август, 2018-жыл.

Ливандын тышкы иштер министри ондогон элчини ээрчитип алып, Бейруттун эл аралык аэропортуна жакын жерге барды. Ага чейин Израил Иран колдогон “Хезболла” кыймылын ал жерде "жашыруун ракета жасап жатат" деп айыптаган.

1-октябрда Жебран Басил дипломаттар менен журналисттерден турган, 70 кишиден ашуун топко Ливан бийлиги аэропортко чукул жерде “ракета кураштырган” жай ачууга уруксат бербей тургандыгын жана “Хезболла” деле андай ишке барбоого “акылы” жетеин жүйө келтирди. Ал Израилдин айыптоосу “негизсиз” жана “так далили” жок экенин белгиледи. “Ливан Израилдин акылга сыйбас иштерин токтотууну талап кылат” деди министр.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын өткөн аптадагы жыйынында Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху шииттердин кубаттуу кыймылы карапайым элге жамынып алып, эл аралык аэропортко жакын жерде «ракета жасап» жатканын айткан. Ал "ракета жасалып жатат" деп болжолдонгон үч жердин асмандан тартылган сүрөтүн көрсөткөн.

Нетаньяху Израил Иранга эч качан курал чыгарууга мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын такай эскертип келет. Анын айтымында, Тел-Авив Израилдин коопсуздугуна коркунуч жарата турган же Ирандын колдоосуна таянган "Хезболла" тобуна ракета чыгарган заводдорду курууга жол бербейт.

XS
SM
MD
LG