Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Израил Асадга курал берүүгө каршы


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусия президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирияга абадан коргонуу комплекстерин берүү ансыз да согуштан жапа чеккен аймактагы кырдаалды дагы оорлотот деп билдирди. Сүйлөшүү Тель-Авивдин сунушу менен болгон.

“Эң алдыңкы үлгүдөгү курал-жаракты жоопкерчиликсиз колго берүү аймактагы коркунучту күчөтөт” деп эскерткени айтылат Израилдин премьер-министринин кеңсеси 24-сентябрда тараткан билдирүүдө.

Биньямин Нетаньяху орус президенти Путин менен сүйлөшкөндө "Израил өзүнүн коопсуздугун жана кызыкчылыгын коргоону" улантарын да айткан.

Орусия эки жума ичинде Башар Асаддын армиясына С-300 зениттик ракеталык комплекстерин берүү чечимин кабыл алганын коргоо министри Сергей Шойгу 24-сентябрда билдирген.

Мындай чечим Кремл бир жума мурда Сирияда орусиялык Ил-20 учагынын кыйроосуна Израилди айыптаган окуядан кийин кабыл алынган.

- Сириянын куралдуу күчтөрүнө эки жума ичинде заманбап С-300 зениттик-ракеталык комплекстери берилет. Ал асмандагы 250 чакырым аралыктагы кол салууну тосуп калууга жөндөмдүү жана бир учурда бир канча багытты бутага алат. Жогорку коргонуусу жана тез ата алганы менен ракеталык комплекс Сириянын абадан коргонуу кубатын кыйла күчөтөт.

Сергей Шойгу менен Владимир Путин.
Сергей Шойгу менен Владимир Путин.

Орусиянын Коргоо министрлиги 18-сентябрда Сириянын аба мейкиндигинде ИЛ-20 аскерий учагынын атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу Израилди “акылсыз аракеттерге” барды деп айыптаган. Ал окуяда 15 орусиялык аскер набыт болгон.

Москванын маалыматына караганда, Израилдин төрт истребители Сириянын Латакия шаарындагы жайларга Жер Ортолук деңизи жактан сокку урган. Буга жооп кылып Сирия армиясынын С-200 менен аткан соккусу орусиялык чалгын учакка жаңылыш тийген.

Москва Израилдин истребителдери орус учагына жашынып, жоопкерчиликсиз аракетке барган деп эсептейт.

- 2013-жылы биз Сирияга С-300 комплексин жиберүүнү Израил тараптын өтүнүчү менен токтотуп койгонбуз. Ал кезде Сириянын аскерлери тиешелүү даярдыктан да өтүшкөн. Азыр кырдаал өзгөрдү. Ал биздин күнөөбүздөн болгон жок, - деди Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

С-300 ракеталык комплекси.
С-300 ракеталык комплекси.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 24-сентябрда БУУнун Нью-Йорктогу башкы штабында болгон маалымат жыйынындагы сөзүндө Орусиянын Башар Асаддын армиясына С-300 комплексин берүүсү “чоң ката" жана жети жылдык жарандык согушта “кырдаалды олуттуу курчутат” деп эскертти.

Ушул күндөрү Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеянын 78-сессиясы өтүп жатат. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео анда орусиялык кесиптеши менен жолугуп, аталган маселени талкуулоо ниети бар экенин белгиледи:

- Бизде орусиялык өкүлдөр менен сүйлөшө турган көптөгөн темалар бар. Анын ичинде С-300 комплексин берүү чечими боюнча да сөз болот деп ишенем. Биз Орусия менен иштеше жалпы кызыкчылыкта иштеше ала турган кандай гана тармак болбосун табууга аракеттенип жатабыз. Алар биздин кызыкчылыктарыбызга каршы иштеген көп багыттар бар экенин билебиз. Биз алар бул сыяктуу аракеттерине жооп бергенге аракеттенебиз.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

Акыркы мезгилде Израилдин аскер учактары Ирандын жана Башар Асад армиясынын Сириядагы аскер объекттерине сокку уруп келе жатат.

Израил 15 орус аскери мерт кеткен өткөн жумадагы "кырсыкка тиешеси бар" деген айыптоолорду четке каккан. Ал Ил-20 чалгын учагынын атып түшүрүлгөнү үчүн Сирия президенти Башар Асаддын куралдуу күчтөрү, Иран жана "Хезболла" экстремисттик уюму жооптуу деп билдирген.

Сириядагы жаңжалда Орусия менен Иран президент Башар Асадды колдоп келет. Ал эми Израил жана АКШ ага каршы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG