Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Активист Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин орун басарлыгына дайындалды


Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Белгилүү активист Мавлян Аскарбеков Биринчи май районунун акиминин турак жай, коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Мавлян Аскарбеков буга чейин өзүн жарандык активист катары көрсөтүп, көйгөйлүү маселелерде пикирин билдирип, өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышып келген.

Аскарбеков 2015-жылы "Ата Мекен" фракциясынан акыйкатчылыкка талапкерлигин койгон. Бирок бул кызматка чыныгы укук коргоочу келе албай турганына көзү жеткенин айтып, өзүнүн талапкерлигин алып салган.

Бүгүн Жогорку сот анын ишин кыскартуу жөнүндө чечимди күчүндө калтырды.

Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Аскарбековго карата чыккан Биринчи май райондук сотунун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, ага салынган айыппулду алып салган жана Аскарбековдун чет жакка чыгышына тыюу салган чечимди жойгон.

Аскарбеков дагы бир иш боюнча депутат Дастан Бекешов менен соттошуп, утулуп калган. Анда сот аны “Фейсбук” баракчасындагы депутатты сындаган пикирин өчүрүп, кайра андан социалдык тармактарда кечирим суроого милдеттендирген.

Мавлян Аскарбеков - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине сын айтып жүргөн активисттердин бири.

XS
SM
MD
LG