Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Токтакунов: Исаков коомго ачык маалымат бергени УКМКга жакпайт


Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков.
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков.

Абактагы мурдагы премьер-министр анын тергөө тууралуу коомчулукка ачык маалыматты бөлүшкөнү атайын кызматка жакпай жатат. Өзүн опузалаган тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранган Сапар Исаковдун арызы боюнча кылмыш иши козголгобогонун анын адвокаты Нурбек Токтакунов айтып чыкты.

Анын айтымында, тергөөчүлөрдүн кадамында мыйзамдар бузулган учурлар аныкталса да, Башкы прокуратура иш козгоодон баш тартты:

- Исаковду камерадан чыгарып, тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө киргизишкени жана ал ыкчам кызматкер менен сүйлөшкөнү такталды. Бирок алар "башка маселелелер боюнча сүйлөшкөнбүз" деп жатышат. Башка маселе менен сүйлөшкөн учурда да адвокаттын катышуусу менен өтүшү керек эле. Мында мыйзам бузуунун болгону такталып жатат. Буга карабай Башкы прокуратура бул мыйзам бузуу боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

Сапар Исаковдун арызынын негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганын "Азаттыкка" Башкы прокуратура да ырастады. Аталган органдын расмий өкүлү Наргиз Куватованын айтымында, Аскер прокуратурасы арызды иликтеп, иш козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарган:

- Кылмыш ишин козгош үчүн кылмыштын курамы аныкталышы керек. Текшерүү жыйынтыгында ишти козгоого негиз жок болгон жана тиешелүү токтом чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүлөрү опузалап, адвокат Нурбек Токтакуновдун адвокаттык кызматынан баш тартууга чакырып жатканы абактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаков август айында айтып чыккан. Анда Исаков тергөөчүлөр Токтакунов менен кызматташууну токтотпосо жаңы кылмыш иши козголорун эскерткенин билдирген. Буга байланыштуу ал Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранган. (BkA)

XS
SM
MD
LG