Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:40

Кулматов абакта 28-октябрга чейин калтырылды

Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Биринчи май райондук соту Бишкектин мурдагы башчысы абактагы Кубанычбек Кулматовду 28-октябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку соттун басма сөз өкүлү Чынара Жумакадырова билдирди.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (KR)

XS
SM
MD
LG