Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Насыбайдын зыянын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иликтейт


Насыбай саткандар.
Насыбай саткандар.

Насыбайдын зыянын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иликтейт. Уюмдун Чылымды көзөмөлдөө программасынын директору Кристина Мауер Сендер "Азаттыкка" 2018-жылдын аягына чейин Борбор Азияда көзөмөлсүз сатылган насыбайдын ден соолукка тийгизген зыяны иликтенерин айтты.

Илимий байкоонун жыйынтыгы мамлекеттик органдарга насыбайды мыйзам чегинде көзөмөлдөө үчүн сунуш кылынат. Насыбайдын зыяны боюнча буга чейин жергиликтүү же эл аралык деңгээлде илимий иликтөөлөр болгон эмес.

Насыбай - Орто Азия мамлекеттеринде кеңири жайылган жеңил баңгизат. Кыргызстанда ал көбүнесе Баткен облусунда өндүрүлөт. Баткен облусунда жалыпысынан 700 гектардай жерге насыбай үчүн тамеки айдалат. Андан жасалган насыбайдын көпчүлүгү Орусияга, Тажикстанга, Өзбекстанга экспорттолот. (BCh)

XS
SM
MD
LG