Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Экс-президенттердин кол тийбестигине байланыштуу маселе каралат

Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл.

3-октябрда Жогорку соттун Конституциялык палатасы экс-президенттердин кол тийбестигин конституциялык эмес деп таануу боюнча юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карайт.

“Прецедент” өнөктөштүк тобунун жетекчиси Токтакунов “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамындагы “экс-президент мамлекетти жетектеп турган учурдагы аракеттери же аракетсиздиги үчүн ага кылмыш иши козголуп, суракка чакыртылып, тинтүүгө алынып, кармалып жана камакка алынышы мүмкүн эмес” деген ченемдин Баш мыйзамга туура келер-келбесин териштириш үчүн Конституциялык палатага апрель айында кайрылган.

“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесинде экс-президентти кылмыш жообуна тартууга, кармоого, камакка алууга жана суракка чакырууга болбой турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле анын турак жайын тинтүүгө, кат алышуусун ачууга же сүйлөшкөн сөздөрүн тыңшоого тыюу салынган.

Парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун азайтып, аны депутаттыкы менен теңдештирүүнү караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG