Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Лейлек районундагы айылдык кеңештин депутаты адам уурдоого шек саналып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек районундагы айылдык кеңештин депутаты адам уурдоо боюнча шек саналууда. Ага бир тууганы көмөктөшкөн деген маалымат бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Лейлектин Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Бишкек шаарында бир адамды күчтөп автоунаага салып кетип, жанындагылары менен жабыла токмоктошкон.

Бишкек милициясы бул иш боюнча жабырлануучудан арыз 28-сентябрда түшкөнүн, учурда текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. (MdN)

 

XS
SM
MD
LG