Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:50

Кен башкаруунун жаңы механизмдери иштелип чыгат


Таластагы Жер үй кени.
Таластагы Жер үй кени.

Кыргызстанда жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдери иштелип чыгат. Мындай тапшырма өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн жыйында тиешелүү мекеме жетекчилерине берилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда мурда берилген лицензияларды инвентаризациялоо жүрүп жатат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовдун айтымында, келечекте жер казнасын пайдалануу укугуна сынак жана аукцион өткөрүүдө мамлекеттик активдерди көбөйтүү жагы каралат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда кен казууга 2500дөн ашуун лицензия берилген болсо, мунун жарымы тоо кендерине байланыштуу. Уруксат алган компаниялардын 300-350 гана иштеп жатса, анын отуз чактысы алтын казуу менен алектенет. (RK)

XS
SM
MD
LG