Орусияда Кыргызстандан мыйзамсыз товар ташып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Уралдын бажы башкармалыгы расмий сайтына жарыялады.
Мекеменин маалыматына караганда, Екатеринбургду көздөй бараткан машине Челябинсктин «Троицк» өткөрмө бекетинен колго түштү.
Анын ичинен спорттук костюмдар, жинсы, көйнөктөр табылган. Алардын 800 даанасына GUCCI, "Reebok", "Adidas", "Puma", "Philipp Plein", "Dolce & Gabbana" деген товардык белгилер чапталган.
Орус тарап бул фирмалардын өкүлдөрүнө келтирилген зыян 3 миллион рублгга бааланып жатканын билдирди. Товар полицияга өткөрүлүп берилди. (RK)