Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:48

Ысык-Көлдө манасчылар Карга акенин 300 жылдыгына карата "Манас" айтышууда


Манасчы Дөөлөт Сыдыков.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков.

Ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Жети Өгүз районунун Дархан айылында өлкөнүн баардык аймагынан келген манасчылар манас айтышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" манасчы Дөөлөт Сыдыков кабарлады.

Бул иш-чара Ысык-Көлдөн чыккан белгилүү жети акенин эң улуусу Карга акенин 300 жылдыгына арналган. Дархан айылына ар бир акенин атына бирден боз үй тигилген. 30-сентябрда башталып 6-октябрга чейин улана турган мааракеге Кыргызстандын манасчылары барып, Карга акенин боз үйүндө "Манас" айтышууда. Аны угууга жакынкы айылдардын тургундары жана мектеп окуучулары келишүүдө. Бир манасчы "Манас" айтып бүтөр менен экинчиси келип, үзүндүнү ошол жерден улантып кетет.

Карга аке Желдең уруусунан чыккан. Ал 1718-жылы төрөлүп, 110 жашка чейин жашаган. Карга аке Ысык-Көл аймагынан чыккан жети акылмандын эң улуусу. Калгандарынын аттары Садыр аке, Кадыр аке, Моют аке, Сарт аке, Тилекмат аке жана Карач аке. (KR)

XS
SM
MD
LG