Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттер мигранттардын пенсиясы боюнча маселени жөнгө салуу максатында келишим кабыл алганы жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Социалдык фондунун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, учурда беш мамлекеттин ортосунда пенсия менен камсыздоо келишиминин долбоору иштелип чыгып жатат, жакын арада кол коюлат. Анда аймактык эмес, пропорционалдык принциптин негизинде иш жүргүзүлөрү каралууда.
- Мисал үчүн, биздин мигранттар бул жакка кайтып келип, туруктуу жашап калса, пенсия курагы келип калса биз Орусияга сурам жиберебиз. “Камсыздандыруу топтомдору канча болсо ошону бизге жөнөтүп койгула” дейбиз. Эгер расмий түрдө иштеп, айлыгынан кармалып жүрсө Орусиянын Соцфонду өз мыйзамдарына ылайык эсептеп, пенсия түрүндө бизге экспорттоп жиберет, - деди Мукамбетов.
1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсияга 250 сомдон 1800 сомго чейин акча кошулду.
Пенсиянын орточо көлөмү 5412 сом. Жашоо минимуму 4393 сомду түзөт. Өлкөдө 634 000 пенсионер бар.
Орусияда 600 миңдей кыргыз жараны бар экени расмий айтылып жүрөт.
Евразия Экономикалык Биримдигинде Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия бар. (RK)