Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Кыргызстанда өтчү эл аралык Ысык-Көл шеринеси Чыңгыз Айтматовго арналат


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1986-жылы демилге көтөргөн Ысык-Көл шеринеси бул жылы жазуучунун өзүнө арналат. Бул тууралуу "Азаттыкка" маданият министринин орун басары Айнура Султанбаева кабарлады.

"Ысык-Көл шеринеси" деп аталган эл аралык форум 4-октябрда башталып 7-октябрга чейин уланат. Ага 28 өлкөдөн келе турган 100дөн ашык конок келет. Шеринеге ТҮРКСОЙ жана ЮНЕСКО эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Кыргызстандын президенти катышат.

4-октябрда саат экиде ТҮРКСОЙдон келген коноктор жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине, кийин "Ата-Бейитке" барып зыярат кылышат.

- 5-октябрда президенттин катышуусу менен иш-чаранын расмий ачылышы болот. Андан соң секцияларга бөлүнүп иштейбиз. 6-октябрь күнү эртең менен Ысык-Көлгө кетебиз. Ал жактан да секцияларда иштейбиз, - деди Айнура Султанбаева.

Форумдун катышуучулары үч секцияга бөлүнүп баяндамаларды жасашат. Биринчи секция "Чыңгыз Айтматов жана азыркы күндүн коркунучтары", экинчиси "Азыркы дүйнө жана маданий өзгөчөлүктөр. Дүйнө бизди өзгөрттү, биз дүйнөнү өзгөрттүк" деп аталат. Үчүнчү секциянын аталышы -"Экологиялык чөйрө жана коопсуздук. Биз баарыбыз бир кайыктабыз".

Шеринеге алгачкы форумду Чыңгыз Айтматов менен чогуу уюштуруп, жазуучунун жанында жүргөн коомдук ишмер Рустем Хаиров, казак акыны жана жазуучусу Мухтар Шаханов, италиялык кинорежиссер, Монголиянын мурдагы президенти катышат. (KR)

XS
SM
MD
LG