Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Арменияда Пашинян алты министрди кызматтан алдырды


Еревандагы нааразылык митингине чыккандар. 2-октябрь, 2018-жыл.
Еревандагы нааразылык митингине чыккандар. 2-октябрь, 2018-жыл.

Армениянын президенти Армен Саркисян Ереванда парламенттин алдындагы массалык нааразылык акциясынан кийин алты министрди кызматтан алды.

Кызматтан алынгандар - мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндө сунушка каршы болгон «Гүлдөгөн Армения» жана «Дашнак-цутюн» партияларынын өкүлдөрү.

Парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян колдойт. Парламенттеги добуш берүүдөн кийин Пашинян тарапкерлерин Еревандын борборуна нааразылык билдирип чыгууга үндөгөн.

Митингде Пашинян Улуттук кеңеш аны өкмөт башчылыкка эки жолу шайлабай койсо, кызматтан кетүүгө убада берди. Конституция боюнча парламент таркап, кезексиз шайлоо белгилениши керек. Пашинян парламенттик шайлоону декабрда өткөрүүнү көздөп турат.

8-майда армян парламенти оппозициялык лидер Пашинянды өкмөт башчылыкка шайлаган. Муну менен президент Серж Саргсяндын Республикалык партиясынын Арменияда узакка созулган бийлиги "баркыт ыңкылабы" менен аяктаган.

XS
SM
MD
LG