Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:52

Пашинян Арменияга премьер болду


Никол Пашинян колдоочулары менен.
Никол Пашинян колдоочулары менен.

Армениянын парламенти оппозициялык лидер Никол Пашинянды жаңы өкмөт башчылыкка 59 добуш менен шайлады. Ошентип, Серж Саргсяндин Республикалык партиясынын Арменияда узакка созулган бийлиги "баркыт ыңкылабы" менен аяктады. Еревандын борбордук аянтында эл ушул жаңылыкты эл күтүп жаткан. Элдин маанайы көтөрүңкү.

Еревандын борбордук аянтында Пашиняндын аппак кийинген колдоочулары чогулган. Расмий түрдө бул чогулуунун максаты – элдик "баркыт ыңкылабынын" жеңишин туюндурган Никол Пашиняндын бүгүн премьер-министрликке дайындалышын майрамдоо.

Ереванда чогулган эл. 8-май, 2018-жыл.
Ереванда чогулган эл. 8-май, 2018-жыл.

Ал эми чын-чынына келгенде бул парламентке жарандык басым кылуунун дагы бир жолу. Анткени мурунку жолу, 1-майда, парламент ушул эле талапкер Никол Пашинянга ушул эле премьер-министрлик кызматты ыраа көрбөй койгон.

Анда парламенттеги добуш берүүдөн кийинки күнү эле Пашиняндын тарапкерлери кайрадан нааразычылык акцияларына чыгып, Еревандын бардык жол түйүндөрүн бууп салышкан.

Премьер-министрлик кызматка бүгүн экинчи ирет көрсөтүлгөн Никол Пашинян бул жолу кыйла жакшыраак даярдыкта келди. Биринчиден, элдин кысымы менен азыркы бийликтеги Республикалык партия добуш берүүгө чейин эле Пашинянды колдоого убада берген. Экинчиден, Пашинян өз тарапкерлерин чогултуп, парламент да элдин басымын сезип турду. Пашинянды колдоп Америкадан бери келген рок-ырчы Серж Танкян келип, чогулган элдин маанайын көтөрдү.

Серж Танкян.
Серж Танкян.

- Мен Николду жана ушул акцияларды уюштурган жаштарды куттуктагым келет. Силер нааразылык менен ачууңарды жакшы, бейпил жана ийгиликтүу күрөшкө айландыра алдыңар, - деди ал.

Армениянын жаңы премьер-министри Никол Пашинян Армениянын түндүгүндөгү Иджеван шаарчасында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Николдун атасы Вова Пашинян уулу бала кезинен эле революционер болгонун эстеди:

- Бала кезинде эле күрөшө баштаган. Азыр да күрөшүп жатат. Бир жолу: "Жөн эле койбойсуңбу?" десем, мага ачуусу келген: “Эмне деп жатасыз? Сиз унчукпасаңыз, башкалар унчукпаса, мен күрөшпөсөм, элибиз кантип жашайт? Жакырчылыктабы? Жумушсуздуктабы?”- деп. Ошондон бери мен аны "кой" дебейм.

Жаңы шайланган армян өкмөт башчысы ишин өлкөнүн бюджети тууралуу маалымат алуудан баштады. Пашинян каржы министринин милдетин аткаруучу Вардан Армянды, мамлекеттик киреше боюнча комитеттин жетекчиси Вардан Арутунянды жана каржы министринин биринчи орун басары Атом Жанжугазянды кабыл алды. Жаңы шайланган премьер-министр журналисттер менен маегинде алдыда маанилүү кадамдарын да атады.

- Биринчи маанилүү маселе – бул албетте шайлоо системасынын реформасын баштоо. Биз бул багытта сөзсүз иш жүргүзөбүз. Бирок, биринчи кезекте, мен куралдуу күчтөрдүн жана улуттук коопсуздук боюнча жетекчилердин докладдарын да угам.

Никол Пашинян Ереван мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып, кийин бийликти сындаган макалалары үчүн окуудан чыгарылган. 2010-11 жылдары ал бийликке каршы акцияларга катышканы үчүн түрмөгө да отуруп чыккан.

Арменияда мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсянга каршы нааразылык акциялары 13-апрелде башталган:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG