Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:21

Армяндар митингде талап-тоноого барган жок


Еревандагы демонстрациядан бир көрүнүш. 2-май, 2018-жыл

Арменияда нааразылык демонстрациялары азырынча токтоп турат. 8-майда парламент экинчи ирет премьер-министрди шайлоого аракет кылат. Ушул учурда биз маселенин башка өңүтүнө – нааразылык акцияларын өткөрүү маданиятына кайрылдык.

Акыркы эсеп боюнча Армениянын калкы 3 миллионго жакын. Бул өлкөнүн аянты 29,7 миң чарчы чакырым же Ош облусунан бир аз чоңураак.

Узак жылдардан бери бийлеген режимге каршы жүрүштөр 13-апрелден 3-майга чейин өттү. Түрдүү эсептерге караганда ошол күндөрдөгү эң чоң митингдерде чогулгандардын саны 100-200 миңге чамалады.

Республика аянтындагы митинг. 1-май, 2018-жыл
Республика аянтындагы митинг. 1-май, 2018-жыл

Түрдүү маалымат булактары, ал тургай смартфону бар карапайым адам деле мунун баарын түз эфирде көрсөтүп турушту.

Ошол 20 күндүк жүрүштөр учурунда талкаланган имараттар, тонолгон дүкөндөр, миңдеген адамдардан чогулган тоодой таштандылар видеолордон көрүнгөн жок, кабарларда да айтылбады.

Республика аянтын тазалап жүргөн жаштар. 3-май, 2018-май.
Республика аянтын тазалап жүргөн жаштар. 3-май, 2018-май.

3-майда ага чейин кылкылдаган эл жүргөн Республика аянты тынч болду. Рюкзак асынган, таза кийинген кыздар колдоруна шыпыргы алып, аянтты шыпырууда. Чаң болбосун деп бири фонтандан суу сузуп сээп жүрөт. Аркы четтеги паркта башкалар тамекинин калдыгын терип жатат.

- Биз кечээ жеңишибизди майрамдадык. Ошондон кийин өтө ынтызарлык менен таштандыны тазалаганы, шаарыбызды тазартып, көрктөндүргөнү келдик. Жүз миңден ашуун эл чогулган учурда албетте тазалыкты сакташ оор. Алардын арасында биз да болдук. Ошондон кийин тазалайлы деп чечтик. Биз болбосок ким кылат? Азыр эле бирөө силерди ким чыгарды деп сурады. Эч ким.

- Бул жердегилердин эч кимиси бири-бирин таанычу эмес. Ушул жерден тааныштык. Бул жүрүштөр биз үчүн кайра жаралуу сыяктуу. Ушул күндөрү биз мекенибизди жана жерибизди көбүрөөк баалап атабыз.

Еревандагы кесиптешим, “Азаттыктын” армян кызматынын жетекчиси Гарри Тамразян жаштар "Фейсбук" өңдүү социалдык сайттарда атайын топ түзүп, ар бир жүрүштөн кийин эле ыктыярдуу чыгып атышканын байкаган.

- Элестетсеңиз, мындай уюшкандык таң каларлык! Мына ушунун өзү демократия үрөнү. Биз көрүп аткандар өнүккөн жарандык коомду түзүүнүн баштапкы баскычтары.

Жол бууган студенттер
Жол бууган студенттер

Миңдеген элди көчөгө чыгаруу бир маселе. Бирок аларды бир үн, бир багытка салуу башка түйшүк. Ортого бирөө чагым салбай, полиция күчүн көрсөтпөй кантип жумалап миңдеген адамдар катышкан жүрүш тынч болду? Аралашып, көрүп жүргөн кесиптешим Гарри муну ириде жүрүш башчысы, депутат Никол Пашиняндын эмгеги дейт.

- Ал полицияга "силер биздин досубузсуңар, бул – Армения. Бир элбиз” деп такай айтып келатпайбы. Полиция ким? Ошол эле жүрүшкө катышып жаткандардын тууганы, бүлөсү эмеспи. Пашинян демонстранттарды да полицияга сый мамиле кылгыла деп кайталап келатат. Бийлик да сабырдуулук көрсөттү. Алар да конфронтацияга барышкан жок. Бийлик менен демонстранттар кандайдыр тил табыша алды десек болот. Эмне үчүн бизде эч кандай курмандык болгон жок, тынч өтүп атат дегендин негизги сыры ушул.

Бирок “элдик талапкер” делген Никол Пашинянды 1-майда парламент шайлабай коюп, элдин талабы аткарылбай калган күнү деле жаалданганы менен көчөдөгүлөр чектен ашпады. “Тарбиядан” - дейт саясат талдоочу Степан Григорян:

- Билесизби, Арменияда тынч митингдер салт болуп калды. Андан ашып кетишсе революциялык жол менен бийлик системасын алмаштыруу эмес, төңкөрүш экенин билишет. Бир жагдайды айта кетейин: армян жаштары өздөрү эле кечээ парламентте кыжырды келтирген сөздөрдү айткан, “элдик талапкерге” каршы добуш берген депутаттардын үйлөрүн табышыптыр. Короосунун алдында туруп ураан чакырып, талаптарын айтышкан. Зомбулуксуз басым. Бул абдан маанилүү маданият.

Арменияда буга чейин нааразылык акциялары көбүнчө иш таштоо түрүндө өтүп келген. Алар көчөлөрдү бууп, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерге унчукпастан отуруп алышчу. Ал бул ирет да кайталанды.

Жапырт баш ийбөө чакырыгына эмчектеги баласын алып энелер да чыгышты
Жапырт баш ийбөө чакырыгына эмчектеги баласын алып энелер да чыгышты

Бийлик демонстранттардын талабына көнүп бараткан акыркы күндөрү ал тургай улуттук бийин бийлеп, ырдашып, жолдун ортосунда эле шишкебек бышырып да жиберишти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG