Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Армения: саясий кризисти чечүүгө кадам


Никол Пашинян
Никол Пашинян

Армениянын башкаруучу Республикалык партиясы оппозициялык лидер Никол Пашиняндын талапкерлигин премьер-министрликке колдорун билдирди.

Пашинян өзү бул чечимди кечээ кечинде Еревандын борбордук аянтындагы митингде кубаттады. Ал ошондой эле 3-майда нааразылык акциялары болбой турганын жарыялап, өз колдоочуларына “эс алууну” сунуш кылды.

Ал арада жаңы өкмөт башчыны шайлоо 8-майга белгиленди. Бул тууралуу Армениянын парламенти – Улуттук жыйындын спикери Ара Баблоян жарыялады. Мыйзам боюнча, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси менен жети күн ичинде премьер-министрликке кайрадан талапкер сунушталат. Мындан кийин да өкмөт башчы шайланбаса, кезексиз парламенттик шайлоо жарыяланышы керек.

Ереван, 2-май
Ереван, 2-май

2-майда армян убактысы боюнча кечки саат 7де Еревандын Республика аянтына он миңдеген адам чогулду. Алар - мурдагы премьер-министр жана экс-президент Серж Саргсяндын парламентте көпчүлүктү түзгөн жана азыр бийликти толук көзөмөлдөп турган Республикалык партиясына каршы чыккандар. 1-майда парламенттеги добуш берүүдө өкмөт башчылыкка шайланбай калган депутат, Армениядагы көчө жүрүштөрүнүн лидери Никол Пашинян калың элдин алдында буларга токтолду.

- Эгер бүгүнкү саясий окуялардын жыйынтыгын карап көрсөк, сиздердин талапкердин экинчи айлампада премьер-министр болуп шайлануусу чечилип калды десек болот. Эми премьер-министрди шайлоого даярданалы. 8-майда, бул жерге 250 миң эмес, 500 миң киши чогулат. Ал эми эртең балдарды мектепке алып баргыла. Азыр аянтка чогулуп чече турган маселе калган жок.

Бийликтеги Республикалык фракциянын лидери Ваграм Багдасарян 2-майдагы сөзүндө алар депутаттардын үчтөн бири алып чыккан талапкерди “ким болсо да” колдоорун, өздөрү талапкер чыгарбай турганын жарыялады. Ал мындай чечим мурдагы премьер жана экс-президент, партиянын лидери Серж Саргсян менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын айтты жана алар колдой турган талапкер Пашинян экенин ачык ишара кылды:

- Депутаттардын үчтөн бири сунуштаган талапкерди колдойбуз. Албетте, биз да кырдаал менен эсептешебиз. Ошондуктан биз 8-майда Армения Республикасынын жаңы премьер-министри болушу үчүн сунушталган талапкерди колдойбуз.

Азырынча шайлоого жалгыз талапкер - 13-апрелде башталган нааразылык акцияларынын лидери Никол Пашинян гана болуп жатат. Ал 1-майда премьер-министрликке шайланбай калгандан кийин элди бийликке баш ийбестик акциясын баштоого жана жапырт иш таштоого чакырган. Анын талапкерлигин 105 мандаттуу армян парламентинде 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы колдобой койгон.

Ереван, 2-май
Ереван, 2-май

Оппозиция лидеринин чакырыгын кабыл алган миңдеген жарандар 2-майда өлкө боюнча көчөгө чыгып, авто жана темир жолдорду, метро станциясын жапты, аба бекетке алып барган трассаны тосту, мамлекеттик мекемелердин ишин үзгүлтүккө учуратты. Акцияга айрым аймактарда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер, студенттер, атүгүл мектеп окуучулары да кошулду. Пашинян өз жактоочуларын мыйзамды сактап, зордук-зомбулуктан алыс болууга да үндөп, кечки бешке чейин тосулган жолдорду ачуу керектигин эскерткен.

Серж Саргсян 23-апрелде өкмөт башчылык кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин анын партиялашы жана өнөктөшү Карен Карапетян аткарууда. Ал 2-майда тараткан билдирүүсүндө саясий топторду кеңешүүгө чакырып, “премьер-министр конституциялык жол менен парламентте гана шайланат, башка жол жок” деп эскертти:

- Биз баарыбыз канчалык оор болбосун саясий кризисти чечүү үчүн цивилдүү жана тез практикалык чечимдер керек экенин түшүнүп турабыз. Премьер-министр конституциялык жол менен парламентте гана шайланат. Практикалык жактан да, теориялык жактан да башка жол жок.

Армения президенти Армен Саркисян да 2-майдагы билдирүүсүндө кризистен чыгуу үчүн саясий топторду кеңешүүнү улантууга үндөдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG