Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:14

Нобелдин химия боюнча сыйлыгын үч илимпоз алды


Нобел сыйлыгынын лаураеттары: Фрэнсис Арнольд, Жорж Смит, Грегори Уинтер. 3-октябрь, 2019-жыл.
Нобел сыйлыгынын лаураеттары: Фрэнсис Арнольд, Жорж Смит, Грегори Уинтер. 3-октябрь, 2019-жыл.

Нобелдин химия боюнча сыйлыгына экологиялык технологияны өнүктүрүүгө бараандуу салым кошкон илимпоздор татыды. Америкалык Фрэнсис Арнольд, Жорж Смит жана британиялык окумуштуу Грегори Уинтер химиялык өндүрүштө экологиялык технологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дүйнөлүк абройлуу сыйлык алышты. Бул тууралуу Швециянын падышалык академиясынын Нобел комитети 3-октябрда жарыялады.

Фрэнсис Арнольддун ферменттердин эволюциясын, Жорж Смиттин жана Грегори Уинтердин пептиддер менен антителолорду иликтеген эмгектери жогору бааланды.

Сыйлыкка кошуп бериле турган бир миллион долларды үч окумуштуу бөлүп алат.

Былтыр швейцариялык Жак Дюбоше, америкалык Йоахим Франк жана британдык Ричард Хендерсон химия боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаттары аталган.

1901-жылы Швецияда Нобел сыйлыгы ыйгарыла баштагандан бери келаткан салтка ылайык, адегенде медицина жана физиология тармагындагы илимий ачылыштардын лауреаттары жарыяланат.

Башка тармактар боюнча 2018-жылдагы Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктоо ушул жумада уланат. Нобелдин тынчтык сыйлыгы 5-октябрда жана экономика боюнча 8-октябрда ыйгарылат. Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы быйыл берилбейт.

XS
SM
MD
LG