Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Жээнбеков: ЕККУ ПАнын жыйыны парламентаризмди бекемдейт


ЕККУ менен Кыргызстандын байрактары.
ЕККУ менен Кыргызстандын байрактары.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) жыйыны Кыргызстанда өтүшү парламентаризмдин бекемделешине шарт түзөт. Бул тууралуу аталган жыйында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чаранын Бишкекте алгач ирет өтүшү Борбор Азия чөлкөмүндө парламенттик демократияны тандаган Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Президент Жээнбеков ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын бул жолку сессиясынын негизги темасы болгон коопсуздук маселеси Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи. Ал акыркы учурда курчуган терроризм, экстремизм маселелерине тынчсызданарын кошумчалады. "Бул жагынан ЕККУ натыйжалуу аянтча" деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бишкекте башталган ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны Борбор Азиядагы коопсуздук үчүн диалогду күчөтүү маселесине арналган. Жыйынга уюмдун курамындагы 46 өлкөдөн 160дан ашык парламентарий келди. Бул жыйынга Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева да катышууда. (BkA/KR)

XS
SM
MD
LG