“Вега" радиокуруу концерни" Кыргызстандагы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча аткарыла турган иштер тууралуу маалымат берет. Компания өкүлдөрү долбоорду бүтүрүү мөөнөтү, тобокелдиктер туурасында айтып берет.
4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни" утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.
Өкмөт “Коопсуз шаар” долбоору быйыл жылдын аягына чейин ишке кирерин билдирген. Бирок “Вега” радиокуруу концерни" компаниясы азырынча Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ача элек. (КЕ)
Пикирлерди көрүңүз (2)
дагы пикирлерди жүктөө