Орусиянын мурдагы вице-премьер-министри Аркадий Дворкович Эл аралык шахмат федерациясынын (Fédération Internationale des Échecs, FIDE - ФИДЕ) президенти болуп шайланды. Бул тууралуу федерациянын "Твиттердеги" баракчасына жарыяланды.
Дворкович ФИДЕнин Грузиянын Батуми шаарында өтүп жаткан конгрессинде шайланды. Ар кайсы өлкөдөн келген 185 делегат бул орунга ат салышып жаткан үч талапкерге добуш беришти.
Дворкович 2012-2018-жылдары орус өкмөт башчынын орун басары болуп эмгектенген. Үч жыл Орусиянын шахмат федерациясынын биринчи вице-президенти, 2014-жылы байкоочулар кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Анын атасы Владимир Дворкович өз маалында шахмат боюнча эл аралык арбитр болгон.
Дворковичтен башка ФИДЕнин вице-президенти грециялык Георгиос Макропулос жана британиялык гроссмейстер Найжел Шорт талапкерлигин койгон.
ФИДЕни 1995-жылдан тарта жетектеген Кирсан Илюмжинов бул жолу талапкерлигин көрсөткөн жок. 2015-жылы АКШ ага каршы санкцияларды киргизген соң анын ыйгарым укуктары чектелген.
Илюмжинов Орусиянын курамына кирген Калмак Республикасын 17 жыл башкарып, төрт ирет президент болуп дайындалган.