Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Кирсан Илюмжиновдун партиясы ойноло элек


Калмакстандын президенти Кирсан Илюмжинов
Калмакстандын президенти Кирсан Илюмжинов

Жаңырчу жумада Дүйнөлүк шахмат федерациясынын таанымалдары Сибирдин Ханты-Мансыйск шаарында чогулуп, бул эл аралык уюмдун жаңы президентин шайлайт.

Таймашка орусиялык таанымал шахмат чебери Анатолий Карпов менен Калмакстандын президенттик кызматынан чегинип жаткан Кирсан Илюмжинов чыгып, табышмактуу Илюмжиновдун жеңери азыр эле белгилүү болуп калгандай.

Дүйнөлүк шахмат федерациясынын – (Fédération Internationale des Échecs, FIDE - ФИДЕ) ФИДЕнин президенттигине аттангандардын бири шахмат дүйнөсүндө эки он жылдыктан ашуун жылдыз болуп турган эл аралык гроссмейстер Анатолий Карпов менен мултимиллионер саясатчы, бутпараст динин даңазалаган, адаттан тышкары жүрүм-туруму менен таанымал, ал тургай башка планетага «саякаттап» барып келип турган Кирсан Илюмжинов.

К.Илюмжинов 1995-жылдан бери ФИДЕнин президенти милдетин аткарат, эми дагы кийинки 4 жылга бул дүйнөлүк уюмдун жогорку жетекчилигин тейлөөгө камынып турат. Атактуу атаандашынын дагы 4 жыл дүйнөлүк уюмдун президенттигине отурушун шахмат доорунун бүтүшүнө теңеген Анатолий Карпов мындай дейт:

Шахмат боюнча дүйнөнүн 12-чемпиону Анатолий Карпов
- 4 жылдын ичинде шахмат өлөт. Ошондуктан дагы 4 жыл тууралуу сүйлөөнүн кажети да жок. 20 жыл ичинде биз эмнелерди жоготконубузду элестетүү да кыйын. Бир кезде шахмат футбол сыяктуу эң көп ойнолчу эле. Азыр болсо шахматты көрбөйсүң. Ал тургай покер ойногон шахматка караганда популярдуу болуп калды. Бул шылдың!»

Чын-чынына келгенде шахматты дүйнөгө даңазалоо жагынан Илюмжинов өтө чоң эмгек кылды. Калмакстанда өзүнүн президенттик бийлигинен пайдаланып, мектептеги баштапкы класстарга шахматты үйрөтүү сабагын киргизген. Дүйнөнүн эч бир башка жеринде жалпы билим берген мектепте мындай сабак өткөрүлбөйт.

Ал ошондой эле Калмакстандын баш калаасы Элистанын сыртында бир канча миллион долларлык Шахмат шаарчасын – дүйнөнүн шахмат борборуна айлантуу максатында курган.

Дүйнөлүк алкакта болсо советтик менчиктештирүүнүн аркасы менен тапкан байлыгын чачып, айрыкча жер шарынын өнүгүп келаткан бөлүктөрүндө Африка, Түштүк Америка, Азияда акыл оюнун жайылтууда акчаны да, аракетти да аяган эмес.

Ошол эле учурда ФИДЕнин вице-президенти Уиллям Келлехер Кирсан Илюмжинов дүйнөлүк шахматтын төрөсү катары өз беделин бекемдеп, ал тургай дүйнөнүн 170 улуттук федерациясынын ишенимин «менчиктештирип» алууга даяр экендигин айтат:

FIDE: Дүйнө чемпионаты, Болгария, 2010

- Кирсанга көптөр, айрыкча Европада нааразы болгондор арбын. Бирок дүйнөнүн башка тарабындагы 160 улуттук шахмат федерациясы ФИДЕнин ичиндеги өзгөрүүлөргө кызыкдар эмес. Кирсан болсо чакан федерациялар менен тыгыз иштешет. Аларга каттап, көңүл буруп, ал тургай шайлоо болоор жылы Кирсан өз чөнтөгүнөн акчалай жардам берип турат деген шек саноо чоң.

Ушул жылдын жайында Илюмжинов Азияда өз чөнтөгүнөн 1 миллион долларлык баш байгелерди коюп мелдеш уюштурса, Кариб деңизи менен Латын Америкасында 500 миңдик мөөрөй менен эки мелдеш өткөрдү.

Калмакстан президентинин мындай алабармандыгын ФИДЕнин президентине болчу шайлоо менен байланыштаргандар да бир топ. ФИДЕнин шарты боюнча президентти шайлоодо ар бир улуттук федерация бир гана добушка ээ, өлкөнүн чоң, кичине экендиги, калкынын саны эсепке алынбайт.

Шахматтын эл аралык гроссмейстри Анатолий Карповдун талапкерлигин ФИДЕге мүчө АКШ, Голландия, Франция, Германия жана Швейцария сыяктуу батыш мамлекеттери колдойт. А. Карпов шахмат боюнча дүйнө чемпиону, атагы алыска кеткен оюнчу болгону менен карьера жашоосунда чоң жетишкендиктерди жарата албай келет. Буга чейин ФИДЕнин президенттигин атактуу атаандашы, өзүнөн кийинки дүйнөнүн 13-чемпиону Гарри Каспаров менен бир канча ирет талашса, эми оор салмактагы Илюмжиновго каршы чыгып отурат.

- Мен А.Карпов күчтүү талапкер деп ойлобойм. Чынына келгенде, азыр А.Карповду сүрөп, талапташ болуп жаткан Гарри Каспаров – татыктуу талапкер. Г. Каспаров күчтүү инсан, жакшы сүйлөйт, англисче да мыкты билет. Гарриге салыштырмалуу Анатолийдин харизмасы жок, - деди ФИДЕнин вице-президенти Уиллям Келлехер дүйнөлүк шахматтын королдорунун бири Гарри Каспаровдун кандайча бул жолу спорттогу гана эмес жашоодогу атаандашы Анатолий Карповду колдоп турганын түшүнбөгөн кыязда.

Орусиянын премьер министри В.В.Путин Элиста шаарында, 2009

ФИДЕнин жаңы президенти болуп дагы 4 жылга шайлануу аракети Кирсан Илюмжиновдун негизги кызматынан – Калмакстандын президенттигинен кетип жаткан кезге тушташ келди. 24-октябрда Орусиянын тутумуна кирген Калмак Республикасын 17 жыл башкарып, 4 ирет президент болуп дайындалган Кирсан Илюжинов мамлекеттик жогорку кызматты өз ыктыяры менен тапшырат.

Мындай чечим Кремлдин Орусиянын региондорундагы бийликти чыңдоо саясаты катары бааланууда. Буга чейин Татарстанды ондогон жылдар башкарган Минтемир Шаймиев мураскерге бийликти өткөрсө, Башкортстанды советтик турмуш урагандан тарта жетектеген Муртаза Рахимов ардактуу эс алууга кеткен.


  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG