Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Шахматка эл аралык колдоо болот


Бишкекте АКШ элчилигинин колдоосу менен жаңы конуштардын спорттук мелдештери өткөрүлдү. Шахмат федерациясынын президенти Акылбек Жапаровдун ордуна доктор Жеңишбек Назаралиев шайланды.

АКШ колдогон "Алтын алкак" мелдештери

30-майда Бишкекте АКШнын эл аралык өнүктүрүү долбоорунун алкагында шаардын чет жагындагы жаңы конуштардын жаштары арасында спорттук мелдештер жана билим сынактары өткөрүлдү.

Буга чейин жаңы конуштарда өткөн мелдештерде тандалган жаштар кичи-футбол, чуркоо, аркан тартмай өңдүү оюндарда күч сынашып, дил баяндар сынагына катышып, мыктылары иргелген. Ал эми жыйынтыктоочу мөрөй талашууларда жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу сыйлыктар ыйгарылды.

Бишкек шаарындагы “Дордой” спорт комплексинде өткөн спорттук иш-чарага Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллер, Жаштар министрлигинин милдетин аткаруучу Алиясбек Алымкулов баштаган жетекчилер, расмий адамдар катышып, жеңүүчүлөргө ийгилик каалашты.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфеллердин айтымында, бул иш-чара кыргызстандык жаштарды активдүү жашоого үндөө, алардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана коомдун келечеги болгон жаш кадрларды колдоо максатын көздөйт.

- Америка Кошмо Штаттары ар дайым Кыргызстандагы демилгелүү коомдук иштерди колдооого алып келатат. Анын бири - өлкөнүн келечеги болгон жаштардын ден соолугун чыңдоо максатындагы спорттук “Алтын алкак” долбоору саналат. 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин эки өлкөнүн достук, боордоштук багытындагы кызматташуусуна АКШ өкмөтү өзгөчө көңүл буруп жатат.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловдун айтымында, шаарды курчап турган жаңы конуштарда спорт жайларын, залдарын курууга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай келүүдө.

Акыл оюну - шахматка көңүл бурулат

30-майда өлкөнүн шахмат федерациясынын жыйыны болуп, анда уюштуруу маселелери каралып, көйгөйлөр талкууга алынды.

Шахмат федерациясын жетектеп келген мурдагы өкмөттүн биринчи вице-премьер министри Акылбек Жапаровдун ордуна бул уюмдун башчысы болуп белгилүү дарыгер Жеңишбек Назаралиев шайланды. Ал Кыргызстанда аталган спорттун түрүн өнүктүрүү жолдору боюнча долбоорун сунуштады.

Кыргызстандын шахматчыларынын жыйынына эл аралык шахмат федерациясынын башчысы, Калмыкиянын президенти Кирсан Илюмжанов чакырылып, ал да бул спортту өнүктүрүүнүн дүйнөлүк иш-чаралары менен тааныштырды.

Өлкөнүн шахмат федерациясынын вице-президенти Таалайбек Иманалиевдин айтымында, Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжанов Кыргызстанда бул акыл оюнду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Кыргызстандын орто мектептерине шахмат сабагы сунушталып жатат. Мындай сунуш болуп жатканын Эл аралык шахмат федерациясынын башчысы, Калмыкиянын президенти Кирсан Илюмжанов Бишкектеги маалымат жыйында кабарлады.

Ал бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрүн айтып, Калмыкиядагы тажрыйбанын натыйжасын мисалга келтирди. Анын пикиринде, шахмат – бул балдардын аң-сезимин өстүрүп, терс көрүнүштөрдөн арылтат.

- Шахмат оюнун Калмыкияда мектеп жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизүү баңгизат, терс көрүнүштөр менен күрөшүүнүн өтө натыйжалуу жолу болду. Орусиянын жогорку окуу жайларына биздин бүтүрүүчүлөр арбын кабыл алынганы буга мисал. Кыргызстанга шахматты окутуу усулдарын, окуу куралдарын бекер берип, техникалык жабдуулар жагынан да жардам беребиз.

Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжанов Кыргызстанда шахмат оюну мурдакы өкмөт тарабынан кийинки пландарга жылып кеткенин сынга алып, өлкөгө шахмат үйүн ачуу зарылдыгын кошумчалады.

Ошондой эле кыргызстандыктардын Бишкекте Эл аралык шахмат федерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдеш өткөрүү демилгесин колдоого алаарын да расмий билдирди.

Вадимдин Будапештеги жеңиши

Будапеште ардагер дзю-до чеберлери арасында дүйнө чемпионаты 30-майда жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын коргогон оор салмактагы балбан Вадим Сергеев коло байге утту.

Балдарга арналган мелдештер

Бишкекте 1-июнда Балдарды коргоо күнүнө арналган спорттук майрамдык мелдештер өтөт.

Бишкек шаардык дене тарбия, спорт жана туризм боюнча комитеттин кызматкери Эркинбек Абдылдаевдин айтымында, 1-июнда борбордун Эски аянтында күрөштүн бир нече түрлөрү, ошондой эле көркөм жана спорттук гимнастика боюнча таймаштар уюштурулмакчы.

-Мындан тышкары аркан тартуу, шахмат, стол тенниси, тогуз-коргоол боюнча мелдештер өтөт.

1-июнунда Бишкекте балдарды коргоо күнүнө карата грек-рим күрөшү боюнча мелдеш болгону турат.

Грек-рим күрөшү боюнча Бишкек шаардык федерациянын жетекчиси Виталий Филипповскийдин айтымында, мелдештер Раатбек Санатбаев атындагы республикалык жаштардын олимпиадалык резервдер мектебинде өтөт.

1-июнда килем үстүндө 1996-1998-жылы туулган жүзгө жакын балбан күч сынашат.
XS
SM
MD
LG