Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

“Улут саламаттыгы – гүлдөгөн өлкө”


Ысык-Көлдө ири мелдеш аяктады. Шахмат федерациясына жаңы жетекчи шайланды. Спортчулар Азия чемпионатына барышат.

Ысык-Көлдө өткөн республикалык спартакиадага Кыргызстандын бардык аймактарынан 700гө жакын спортчулар катышты. Футбол боюнча Чүйдүн командасы жеңүүчү аталса Ысык-Көлдүн оюнчулары экинчи, Таластын курамасы үчүнчү орунга татыды. Ал эми жалпы оюндун жыйынтыгында Ош облусу командалык биринчи, Чүй экинчи, Таластын спортчулары үчүнчү орунга татыды. Бул мелдеш элет жаштарын спорт жана дени сак жашоого үгүттөө максатын көздөйт.

Алдыңкы самбисттер Азия биринчилигинде мөөрөй талашат

Учурда Кыргызстандын самбо жана мушташ самбосунун чеберлери Ташкенде өтчү Азиянын ачык чемпионатына даярдык көрүшүүдө. Мелдеш беш күнгө созулуп “Жар” спорт комплексинде өтөт. Анда өлкө намысын улуу муун өкүлдөрү, жаштар жана уландар арасында спортчулар, ошондой эле аялдар курамасы да коргойт. Чемпионатка бардык өлкөлөрдүн спортчулары катыша алышат.

Кичи футбол: Кыргызстан сегиз мыктынын катарында

Ташкен шаарында футзал боюнча Азия биринчилиги аяктады. Финалдык оюнда Өзбекстанды жеңген Иран оюнчулары чемпион наамына татыды. Коло медалга Кытайды жеңген Жапония оюнчулары ээ болушту. Бул мелдешке Кыргызстан курамасы да катышкан. Алар өз группасында ийгиликке жетип, чейрек финалда Жапонияга 4:0 эсебинде утулуп калды. 2005-жылы Кыргызстандын кичи футболчулары Азия биринчилигинин коло байге ээси болушкан.

Жеңишбек Назаралиев шахмат федерациясын башына келди

30-майда Кыргызстан шахматчыларынын съезди өттү. Анда федерациянын жетекчилигине Жеңишбек Назаралиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, 58 делегаттын 57синин макулдугу менен башчылыкка шайланды. Шахматчылардын съездине катышуу максатында Кыргызстанга Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжанов келди. Ал Бишкек шаарында Эл аралык шахмат академиясы ачылаарын, бул спортту өнүктүрүү үчүн федерация тараптан ар тараптуу колдоо болоорун билдирди:

- Шахмат багытындагы иштерди колдон келишинче эртерээк ишке ашырууга аракет кылабыз. Эгер Кыргызстан тараптан канайдыр бир чечим чыга турган болсо, мен шахматты өнүктүрүү багытында бул тармакты жакшы билген адам катары жардам берем. Кыргыз өкмөтү даяр болсо биз 1-сентябрдан баштап шахматты сабак катары мектептерде киргизүүгө даярбыз. Бул багытта Кыргызстандын шахмат федерациясы да жардам берет деп ойлойм. Кыргызстанда шахмат ойноо өз жолуна түшкөн. Эми аны өнүктүү үчүн түрткү гана берүү керек.

Учурда дүйнө жүзүндө 600 миллион адам шахмат ойнойт. Эл аралык шахмат федерациясы алардын санын бир миллиардга жеткирүүнү максат кылып койгон.

Бул жумага белгиленген спорттук иш-чаралар:

  • 1-июнда “Спартак” стадионунда дзюдо боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги болмокчу.

  • 1-июнда “Спартак” стадионунда Балдарды коргоо күнүнө карата жеңил атлетика боюнча мелдеш өтөт.

  • 1-июнда Р. Санатбаев атындагы спорт борборунда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш болот.

  • 4-6-июнда бильярд боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтмөкчү.

  • 5-июнда “Дельфин” олимпиадалык резерв мектебинде Балдарды коргоо күнүнө арналган сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт.

  • 5-6-июнда Спорт ордодо Кожомкул балбандын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өтөт.

  • 7-14-июнда Кыргызстандын эркин, грек-рим жана кыздар күрөшүнүн курама командасы Кытайда өтө турган уландар арасындагы Азия биринчилигинде мөөрөй талашат.
XS
SM
MD
LG