Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

АКШ Иран менен достук келишимин токтоторун билдирди


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, 23-август, 2018-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, 23-август, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Вашингтон 1955-жылы Тегерaн менен жетишилген достук келишимин токтоторун айтты.

Ал ошондой эле Эл аралык соттун АКШнын санкциялары боюнча чыгарган чечимин сындап, Тегеранды Гаага сотун өз саясаты үчүн “колдонуп жатат” деп айыптады.

Өткөн аптада Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында АКШ президенти Дональд Трамп дүйнө мамлекеттерин Иран өкмөтүн “агрессиялык” саясатты улантып жатканы үчүн изоляциялоого чакырса, өз кезегинде Иран президенти Хасан Роухани Вашингтонду “экономикалык терроризм” үчүн айыптады.

Трамп Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы көп тараптуу келишимден чыкканын быйыл майда жарыялаганда Тегеран баллистикалык ракеталарын сыноо, террорчул топторду колдоо менен ал келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.

Муну утурлай 2015-жылкы келишимге кол койгон Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Франция, Германия Иран менен соода жана бизнес жүргүзүүдө америкалык санкциядан кыйгап өтүүгө мүмкүндүк берген альтернативалуу төлөм системасын түзүүнү караган планды сунуш кылышты.

XS
SM
MD
LG