Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлерди элдин алдында берген антын ыйык тутууга чакырды. Бүгүн ал парламентте жаӊы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө “Берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Антыңарга бекем болгула!” деп айтты.
Ошондой эле президент аткаруу бийлигинин айрым мүчөлөрүнүн акыркы кездеги жүрүм-туруму коомдо кызуу талкууланып, жалпы бийликке көлөкө түшүргөнүн, мамлекеттик кызматкерлерге карата коомчулуктун терс пикирин жаратканын өзгөчө белгиледи.
Бүгүн өкмөттүк аппараттын жетекчиси Шамил Асымбеков, юстиция министри Марат Жаманкулов жана өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов кызматка жаңы киришип, парламент алдында ант беришти.
Өткөн аптада Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигинин жүрүм-турумуна байланыштуу маселе коомчулукта кызуу талкуу жараткан. (RK)