Вашингтондон 3-октябрда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши ушундай чакырык таштады. Ал АКШнын борборуна өлкөнүн жаңы премьер-министри Имран Хандын стратегиясын түшүндүрүш үчүн барды.
Пакистандын азыркы өкмөт башчысы, мурдагы крикет жылдызы Имран Хан аскердик чарага караганда “Талибан” жана башка исламчыл топтор менен сүйлөшүүнү көптөн бери жактап келет.
Президент Дональд Трамптын администрациясы Пакистан үчүн 300 миллион доллар өлчөмүндөгү аскердик жардамды бир ай мурда жоюп, ага Исламабад өз аймагында талибдердин жана башка согушкерлердин башпаанек алышына мүмкүндүк берип, буга каршы чара көрбөй жатканын жүйө келтирген.
Ага чейин быйылкы жылдын башында да Конгресс Пакистанга 500 миллион доллар бөлүнүшүн токтотуп койгон.
Президент Дональд Трамп мурда АКШ Ооганстанда изине түшкөн "террорчуларга башпаанек бергени үчүн" Пакистанды кескин сынга алган. Исламабад өз кезегинде АКШнын мындай айыптоолорун четке каккан.(UE)