Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:47

Коопсуздук кеңешинин катчысы коомдук уюмдар менен жыйын курду


Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн коррупцияга каршы күрөш жаатында иш жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда коррупцияга каршы чаралар талкууланды. Сагынбаев бул багытта кабыл алынып жаткан ченемдик-укуктук актылар тууралуу айтып берди жана мыйзамдар бузулган учурлар тууралуу көргөн-билген фактылар жөнүндө маалымат берип турууну өтүндү.

Быйыл февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жаткан негизги мүшкүл экенин айткан.

Сагынбаев менен жолугушууга кайсы уюмдар чакырылганы тууралуу маалымат айтылган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG