Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Нидерланд: ГРУ Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна каршы кутум уюштурган


Гаагадагы басма сөз жыйынында орусиялык агенттер катары сөз болгондордун сүрөттөрү да көргөзүлдү. 4-октябрь, 2018-жыл.
Гаагадагы басма сөз жыйынында орусиялык агенттер катары сөз болгондордун сүрөттөрү да көргөзүлдү. 4-октябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун баш кеңсеси жайгашкан Нидерланддын бийлик өкүлдөрү бүгүн жарыялашты. Алардын маалыматына караганда, окуя быйыл апрелде болуп, Орусиянын төрт аскердик тыңчысы Нидерланддан чыгарылган.

- Биздин аскердик чалгын кызматыбыз кибер операцияны аныктап, Орусиянын төрт чалгын офицери ошол эле күнү 2018-жылдын 13-апрелинде өлкөдөн депортацияланган. Алардын жабдуусу ошол жерде калтырылган. Бул операция аркылуу Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун компьютерлик системаларына хакерлик чабуул коюлушу алдын алынды, - деди Нидерланддын коргоо министри Анк Бейлевелд 4-октябрда Гаагадагы басма сөз жыйынында.

Ошондон кийин Нидерланд менен Британиянын премьер-министрлери Марк Рютте менен Тереза Мэй биргелешкен билдирүү таратып, Орусияны “глобалдык баалуулуктарды көзгө илбей” жатканы үчүн айыпташты.

Алардын билдирүүсүндө Орусиянын башкы чалгын башкармалыгы - ГРУ глобалдык коопсуздукту камсыз кылган макулдашууларды урматтабай жатканы айтылат.

Нидерландга чейин Орусиянын башкы аскердик чалгын кызматын британ өкмөтү 3-октябрда жарыяланган коопсуздук баяндамасында бир катар ири киберчабуулдардын артында турганы үчүн айыптаган.

Ал чабуулдардын учурунда Батыш өлкөлөрүнүн спортттон тартып транспорттук мекемелерине чейин, ага катар шайлоо системаларынын компьютерлик түйүндөрү да бутага алынган.

Британиянын коопсуздук баяндамасында көргөзүлгөндөй, ГРУнун бир нече хакерлик топтор менен байланышы бар.

Британ өкмөтүнүн баяндамасында, ГРУ "дүйнөдө баш аламандык жаратып, пикир келишпестикти жайылтыш үчүн хакерлердин түйүнүн колдонгон кибер-агрессор” деп да аталган.

Орус тышкы иштер министрлиги соңку дооматтарды Батыштын “тыңчылык маниясынын күчөшү”, “фантазиясы” деп атады.

Расмий Лондон быйыл мартта Солсбери шаарында орусиялык мурдагы чалгынчы Сергей Скрипалды жана анын кызын химиялык зат менен ууландырып, өлтүрүү аракети үчүн жоопкерчиликти ГРУнун офицерлерине жүктөгөн.

Алар жарыялаган далилдерге карабай Москва бул кол салууга тиешеси жоктугун айтып келатат. Президент Владимир Путин өзү 3-октябрда Скрипалды “саткын жана бузуку” деп атады.

Буга чейин ГРУну Кошмо Штаттарда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоо алдындагы киберчабуулдар үчүн айыптап, бул кызматтын бир нече офицерине, анын ичинде башчысы Игорь Коробовго санкция салган. (UE)

XS
SM
MD
LG