Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы Жылдыз Арзыбекованын ыйгарым укуктары токтотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан кабарга караганда, Арзыбекова өзү жазган арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда бошотулду. (КЕ)