Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Кытайдагы казактардын туугандары Меркелге кайрылды

Кытайдагы казактардын туугандары.
Кытайдагы казактардын туугандары.

Кытайдагы туугандары «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турган казакстандыктардын тобу Германиянын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулуп, Ангела Меркелге жазылган кайрылуусун беришти. Анда алар немис лидеринен туугандарын «туткундан» бошотууга жардам берүүнү өтүнүшкөн.

Германиянын консулдугунун алдына чогулган ондогон адам колдоруна Кытайда репрессияга туш болуп, «кайра тарбиялоо лагерлеринде» камалып турган туугандарынын сүрөттөрүн кармап алышкан.

Сентябрдын аягында Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук районунан көчүп келип казак жарандыгын алган ондогон адам Алматыдагы мейманканалардын биринде басма сөз жыйынын өткөрүшкөн.

Алар Кытайда кармалган туугандарын бошотууга жардам берүү өтүнүчү менен Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга кайрылышкан. Мындан тышкары алар кайрылууну Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине да жиберишкен. 

Бул Кытайдагы туугандары жоголуп, «саясий жаткан кайра тарбиялоо» жайларында кармалып турушу мүмкүн экенин билдирип чыккан адамдардын алгачкы тобу эмес. Шинжаңда аз улуттардын өкүлдөрү жапырт кармалып, «кайра тарбиялоо» лагерлерине жеткирилип жатканы жөнүндө эл аралык укук коргоо уюмдары менен дүйнөлүк ЖМКлар да билдиришкен. Кытайдагы казактар кысымга алынып жатканы тууралуу билдирүүлөр былтыр апрелден бери айтыла баштаган.

Расмий Бээжин бул дооматтарды четке кагып, Шинжаңдагы «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерин» адамдар билим алып, деңгээлин жогорулата турган борборлор деп атап жүрөт.

XS
SM
MD
LG