Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

"Вега" боюнча чечим мыйзамсыз экени айтылды


“Вега" компаниясынын расмий сайты.
“Вега" компаниясынын расмий сайты.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссиянын “Вега” концернин жеңүүчү деп тапкан чечими мыйзамсыз. Арыз-даттанууларды караган комиссия ушундай чечимге келгенин бүгүн “Азаттыкка” Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Баштапкы маалыматка караганда, “Вега” концернинин бул багытта иш тажрыйбасы бар экенин тастыктаган документтери жок болуп чыкты.

“Тендердин жеңүүчүсү “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашырып, 9 миллион долларды өздөштүрө алганы жөнүндөгү далил документтерин көрсөтө алган жок деген бүтүмгө келишти” деп билдирди мекеме.

“Веганын” мындай документтери жок экенин арыз-даттануулар комиссиясына тендерге катышкан башка компаниялардын бири “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ишканасы билдирген жана ал жол эрежелери бузулган учурларды видеого жаздырып алуу тажрыйбасына ээ эместигин айтып чыккан.

Ал эми «Вега» коргонуу ишканасы болгондуктан маалыматтарынын баары купуя экенин жүйө келтирүүдө.

4-сентябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” быйыл жылдын аягына чейин ишке кирерин билдирген.

"Вега" компаниясы бүгүнкү билдирүү тууралуу азырынча комментарий бере элек. (YU)

XS
SM
MD
LG