Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Жалал-Абадда алгач ирет күйүк оорулар бөлүмү ачылды


Күйүк алгандарды дарылоо борбору.
Күйүк алгандарды дарылоо борбору.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында биринчи жолу күйүк оорулар бөлүмү ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” оорукананын директору Жаныбек Карабаев билдирди.

- Жыл сайын болжол менен 500дөй бейтап Ош шаарына которулчу. Бул абал бейтаптардын эле эмес, анын жакындарын да түйшүккө салып келген. Эми күйүктүн кесепетинен өтө оор абалга кабылганы гана жиберилип, калгандары ушул бөлүмдө дарыланат, - деди Карабаев.

35 орунга ылайыкталган күйүк оорулар бөлүмү Кувейт өлкөсүнүн "Ассалам" фондунун каржылоосу менен 20 млн. сомго курулду. Андан сырткары 9 млн. сомго медициналык жабдуу жана башка каражаттар алынып берилди. (RsK)

XS
SM
MD
LG