Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Казакстан өндүрүштү колдоону күчөтөт


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казак бийлиги эл кеңири колдонгон товарларды өндүргөн ишкерлерди колдошу керек. Бул тууралуу өлкө президенти Нурсултан Назарбаев 5-октябрда кезектеги кайрылуусунда билдирди:

- Эгер ушу отургандардан четтен алынган кийимдерди чечип салса жылаңач каласыңар. Көйнөктөрдү, бешманттарды бизде да тиксе болот. Аларды колдойлу. Бүгүнкү күндө өз товарларыбызды колдошубуз керек. Казакстанда өндүрсө боло турган нерсенин баарын сырттан ташып атабыз. Анткени оңдуу кайра иштетүүчү өндүрүш жок. Кайра иштетүү тармагына жана чийкизат болуп эсептелбеген экспорт үчүн 3 жылда кошумча 500 млрд. теңге бөлүүнү өкмөткө тапшырам.

500 млрд теңге азыркы курс менен 1,35 млрд. доллардан көбүрөөк акча.

Ошондой эле президент соода саясаты жумшак болбошу керек экенин белгилеп, "өз товарларын коргоп жатат" деп Беларусту, "өз кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жатат" деп Кыргызстанды мисал келтирди.

Назарбаев быйыл экинчи ирет элге кайрылды. Январь айында ал өлкөдө жаңы технологияларды кеңири жайылтууга басым койгон.

XS
SM
MD
LG