Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Олег Сенцов ачкачылыгын токтоторун жарыялады


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Орусиянын абагында отурган украин режиссеру Олег Сенцов 5-октябрдан тартып тамак жей баштады. Бул тууралуу орус жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Валерий Максименко билдирди.

"Ооба, ал ачкачылыкты токтотту. Акырындап ачкалыктан чыгарыш үчүн Москванын мыкты диетологдору ага атайын диета түзүштү" - деди Максименко "Интерфакс" агенттигине.

Режиссер Сенцов 14-майда Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялаган. Адвокатынын айтымында, тирүү кармап туруш үчүн колония кызматкерлери ага глюкоза менен витаминдерди куюп турушкан.

2015-жылы Орусиянын соту Олег Сенцовго аннексияланган "Крым жарым аралында теракт даярдаган" деп 20 жылга эркинен ажыраткан. Режиссер күнөөсү жоктугун айтып келет.

Акыркы айларда Сенцовду бошотуу талабы менен маданият ишмерлери, укук коргоочулар жана Батыш лидерлери акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG