АКШнын вице-президенти Майк Пенс "ички саясатыбызга кийлигишип, Трамптын аброюн кетирүүгө далатат кылууда" деп Кытайды кескин сынга алды.
4-октябрда Хадсон институтундагы сөзүндө Пенс муну менен Кытай соода саясатына байланыштуу өч алып жатканын белгиледи.
- Июнда Бээжинде "Үгүт жана цензура тууралуу билдирүү" деген жашыруун документ тарады. Анда Кытай, алардын сөзү менен айтканда "Кошмо Штаттардагы ички топторду кылдат жана чебердик менен бөлүп-жарышы" керек экендиги белгиленет. АКШнын Кытай саясатына карата түшүнүгүн өзгөртүш үчүн жашыруун адамдар, топтор жана үгүт басылмалары колдонулууда.
Пенс Кытайдын аракеттерин Орусияныкынан да кооптуу деп эсептейт. Бэээжин "ноябрда өтчү Конгресске шайлоого кийлигишүүгө аракеттенип атат" деп мурдараак президент Дональд Трамп да билдирүү жасаган. Кытай Вашингтондун дооматтарын четке кагып келет.