“Балага сүйүнчү” төлөө ыкмасы автоматташтырылат. Бул тууралуу бүгүн “Түндүк” аттуу өкмөттүк системанын иши боюнча жыйында Электрондук байланыш борборунун директору Нурия Кутнаева билдирди.
Анын айтымында, аял кош бойлуу кезинде эле анын жеке эсеби ачылат. Бул процесс Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен байланыштырылат. Бала төрөлгөндөн кийин сүйүнчү акча дароо ошол эсепке түшөт. Андыктан жаңы ыкма кош бойлуу аялдардын эртерээк дарыгерлердин каттоосуна алынышына да шарт түзөт.
Кыргызстанда быйылтан тартып балалуу болгондорго 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөнүп берилүүдө. Бирок аны алуу татаал болуп жатканы айтылып келет. (RK)